The Guardian гезитинин ээлери кечирим сурады

Британиянын The Guardian гезитинин ээлери гезиттин негиздөөчүлөрүнүн трансатлантикалык кулчулукта ойногон ролу үчүн кечирим сурады.

1966660
The Guardian гезитинин ээлери кечирим сурады

Британиянын The Guardian гезитинин ээлери гезиттин негиздөөчүлөрүнүн трансатлантикалык кулчулукта ойногон ролу үчүн кечирим сурады.

Гезиттин 19-кылымдын башында негизделгенине байланыштуу эки жылдан ашык убакытка созулган «академиялык иликтөө»  негиздөөчүсү Жон Эдвард Тейлордун жана анын каржылык колдоочуларынын көбүнүн кулчулук менен байланышы бар экендигин ортого салды.

Халл жана Ноттингем университеттеринин изилдөөчүлөрү журналист жана пахта соодагери болгон Тейлор жана анын 11 каржылык колдоочусунан кеминде 9нун өзгөчө   текстиль өнөр жайы аркылуу кулчулук байланышы бар экендигин аныктаты.

Медиа тобунун ээси болгон Скотт Траст компаниясынын директору Оле Джейкоб Сунде : "Скотт Траст, Жон Эдвард Тейлор жана колдоочуларынын  пахта соодасында ойногон ролу үчүн абдан капалуу",- деди. 

Сунде : "Биз кечирим суроо жана бул фактыларды ачык-айкын бөлүшүүнүн Guardianдын кулчулукка болгон тарыхый байланыштарын чечүүдөгү биринчи кадам экендигин билебиз" ,- деди.

Scott Trust компаниясы  "калыбына келтирүүчү адилеттүүлүк"  планы  боюнча 10 миллион фунт стерлинг (12.3 миллион доллар) инвестиция салууну пландаштырууда.

 



Тектеш кабарлар