Пентагондун унаа токтотуучу жайында аскердин жансыз денеси табылды

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер тема боюнча жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1960054
Пентагондун унаа токтотуучу жайында аскердин жансыз денеси табылды

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) унаа токтотуучу жайынан бир аскердин жансыз денеси табылды.

Тема боюнча жазуу түрүндөгү билдирүү жасаган Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да унаа токтотуучу жайдагы бир аскердин абалын текшерүү үчүн телефон чалуу болгонун жана окуя болгон жерге Пентагон полициясынын келгенин айтты.

Райдер: «Полиция жоокердин унаасында жансыз денеси жатканын аныктады. Окуя болгон жерге Арлингтондун Тез жардам кызматынын топтору келип, сөз болуп жаткан аскердин каза болгонун тастыкташты. Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда. Тергөө уланып жаткандыктан, бизде бөлүшө турган кошумча маалымат жок»,-деп маалымат берди.



Тектеш кабарлар