Иранда майрамга даярдыктарда 15 адам каза болду

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Ирандын чукул жардам борборунун башчысы Жафер Миадфер, жылдын акыркы шаршемби түнүндө өткөрүлө турган «Шаршемби Сури» майрамдары үчүн даярдыктар уланууда.

1959331
Иранда майрамга даярдыктарда 15 адам каза болду

Иранда Хижри Шамси календары боюнча жылдын акыркы шаршемби түнүндө өтө турган «Шаршемби Сури» майрамына даярдыктар маалында ушул убакка дейре жалпы өлкөдө 15 адам каза болуп, 6сы оор абалда 353 адам жаракат алды.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Ирандын чукул жардам борборунун башчысы Жафер Миадфер, жылдын акыркы шаршемби түнүндө өткөрүлө турган «Шаршемби Сури» майрамдары үчүн даярдыктар учурунда Тебриз, Тегеран, Хамадан, Урмия жана Казвин шаарларында болгон кырсыктарда айдын башынан бери 15 кишинин каза болгонун жарыялады.

Кырсыктарда 353 кишинин жараланганын белгилеген Миадфер, ооруканага жаткырылган 49 кишинин 6сынын реанимацияга алынганын айтты.

Кырсыктарда 51 кишинин колу-бутунан ажыраганын, 130 кишинин денесинен күйүк алганын, 86 кишинин көзүнөн жаракат алганын белгилеген Иран жооптуусу, эң көп каза болгондордун борбор шаар Тегеранда экенин айтты.

Иранда Жаңы жылдын (Нооруз) алдында жылдын акыркы шаршембисинин түнүндө өткөрүлгөн майрамдарда өзгөчө балдар жана жаштар оттун үстүнөн секирип, фейерверк жана от жагышат. Бул майрамдар жана алардын алдындагы даярдыктар Иранда жыл сайын ондогон адамдардын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдын жаракат алуусуна алып келет.

Хижри Шамси календары колдонулган Иранда Нооруз 21-мартта башталат.



Тектеш кабарлар