Грузияда митингдер үчүнчү күндө да улантылды

Оппозициячылдар жана президент Саломе Зурабишвили мыйзам долбоорун Россиянын буйругу менен даярдалган деп, жокко чыгарууну каалап жаткан.

1957818
Грузияда митингдер үчүнчү күндө да улантылды

Грузия парламентинде алдын ала жактырылган чет элдик агент мыйзам долбооруна каршы чыккан оппозиция кайрадан митинг өткөрдү.

Митингчилер  түндө борбор шаар Тбилисидеги парламент имаратынын алдына чогулуп, нааразылык акцияларына себеп болгон "чет элдик таасирдин ачыктыгы" мыйзам долбоорун парламенттен тез арада кайтарып алууну талап кылышты.

Грузия өкмөтүнүн мыйзам долбоорун кайра аларын расмий түрдө билдиргенине карабастан көп сандаган жаран 3 саатка жакын митинг өткөрүштү. Митингчилер Грузия, Украина жана Европа Биримдигинин байрактары менен жүрүштү.

Буга чейин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынан чыккан айрым депутаттардан турган оппозициялык “Элдик бийлик” партиясы парламентке сунуштаган мыйзам долбоорунун бүгүн кайра  алынары күтүлүүдө.

"Тышкы таасирдин ачыктыгы" мыйзам долбоору фонддорунун 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алган грузин мекемелердин "чет элдик агент" катары катталышы же айып пул салынышын күтүп жаткан.

Оппозициячылдар жана президент Саломе Зурабишвили мыйзам долбоорун Россиянын буйругу менен даярдалган деп, жокко чыгарууну каалап жаткан.

 



Тектеш кабарлар