Индиядагы трагедиялуу окуя

Окуя Бихар аймагынын Гая районундагы Гулваред айылында болду.

1956735
Индиядагы трагедиялуу окуя

Индияда аскердик машыгуу учурунда миномёттон атылган ок бутага жетпей айылдагы үйгө тийип 3 адам каза тапты.

Окуя Бихар аймагынын Гая районундагы Гулваред айылында болду.

Жакын жердеги аскерий полигондон атылган миномёттун огу бутага жетпей айылдагы үйдүн короосуна тийди.

Окуяда индустардын "Холи" майрамын белгилөө үчүн ата-энелерине барган жубайлар жана алардын кошунасы каза болуп, эки адам да жарадар болушту.

Армиядан бул боюнча маалымат бериле элек.

Аталган аскерий аймакка жакын жерде башка кырсыктар да катталган.

Былтыр машыгуу полигонуна жакын жерде бир жаран замбиректин огунан каза болгон.

Декабрь айындагы башка окуяда да машыгуу талаасынын жанында отун терип жүргөн 10 адам жаракат алган.


Этикеткалар: #"Холи" майрамын

Тектеш кабарлар