Пакистанда жанкечтилик кол салуу болду

Dawn гезитиндеги кабарга караганда Каччи жана Сиби аймактарынын чек арасындагы Боландагы көпүрөдө полиция унаасына жанкечтилик кол салуу болду.

1955335
Пакистанда жанкечтилик кол салуу болду

Пакистандын Белужистан провинциясында полиция унаасына багытталган жанкечтилик кол салууда 9 полиция каза болуп, 11и жаракат алды.

Dawn гезитиндеги кабарга караганда Каччи жана Сиби аймактарынын чек арасындагы Боландагы көпүрөдө полиция унаасына жанкечтилик кол салуу болду.

Кол салуунун натыйжасында 9 полиция кызматкери каза болуп, 11и жарадар болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Акыркы айларда Пакистанда, өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында террордук кол салуулар көбөйдү.

Исламабад бул кол салууларды Ооганстанда жайгашкан пакистандык талиптер (ТТП) пландап жана башкарган деп билдирди. Ооганстан бул айыптоолорду четке кагууда.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте 30-январда бешим намазы учурундагы жанкечтинин кол салуусунда көбү полиция кызматкерлери болгон 102 киши набыт болгон.



Тектеш кабарлар