Жакартада күйүүчү май сактоочу кампада өрт чыкты

Өрттөн улам 17 киши каза болду.

1954778
Жакартада күйүүчү май сактоочу кампада өрт чыкты

Индонезиянын борбор шаары Жакартадагы күйүүчү май кампасында чыккан өрттөн 17 киши каза болду.

Индонезиянын борбор шаары Жакартада Пертамина мамлекеттик энергетикалык компаниясына караштуу күйүүчү май сактоочу жайда өрт чыкты.

Окуя болгон жерге көп сандаган өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө башталган өрттүн айланадагы имараттарга жайылышы менен аймактагы миңдеген киши эвакуацияланды.

Жетекчилер окуяда  17 кишинин анын ичинен 2 баланын каза болгонун, 50 кишинин жараланганын билдиришти.

Пертамина жасаган билдирүүдө окуянын себебин иликтөө ишинин уланып жаткандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар