Литвада коркутуу каттары жиберилди

Литванын борбору Вильнюс шаарындагы аэропортко, мектептерге, спорт залдарга жана прокуратурага төртүнчү жолу бомбалуу кол салуу  коркунучун камтыган каттардын жөнөтүлгөнү маалымдалды.

1938852

Балтика маалымат агенттиги  билдиргендей, бул аптада төртүнчү жолу коркутуу каттары айрым имараттарга жөнөтүлдү.

Бомбалуу кол салуу коркунучун камтыган каттардын Вильнюс аэропортуна, борбордогу беш мектепке, шаардын борборундагы спорт залына жана прокуратуранын кеңсесине жиберилгени белгиленди.

Коопсуздук директорлугунун басма сөз катчысы Юлия Самороковская полициянын бардык тиешелүү жерлерди текшерип, эч кандай шектүү жагдайга туш болбогонун билдирди.

Тектеш кабарлар