Париждин символдук курулуштарынын жарыктары энергияны үнөмдөө үчүн эрте өчүрүлүүдө

Эйфель мунарасынын жарыктары  саат 23:45те өчүрүлүүдө.

1929385
Париждин символдук курулуштарынын жарыктары энергияны үнөмдөө үчүн эрте өчүрүлүүдө

Франциянын борбор шаары Париждеги атактуу Эйфель мунарасынын жарыктары менен Елисей аянтынын жана Лувр музейинин алдындагы пирамиданы жарыктандырган жарыктар энергияны үнөмдөөнүн негизинде 1 саат 15 мүнөт эрте өчүрүлүүдө.

Россиянын Украинага карата кол салуусунан улам Москвага санкция салган айрым Европа өлкөлөрүнө газ өткөрүүнү токтоткондон кийин ортого чыккан энергия кризиси  улантылууда.

Үнөмдөө кадамдарынын алкагында борбор шаар Париждин символу болгон Эйфель мунарасынын жарыктары эрте өчүрүлүүдө.

Энергетикалык кризиске чейин жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:00гө чейин жарыктандырылган Эйфель мунарасынын жарыктары  саат 23:45те өчүрүлүүдө.

Париждин эң кооз проспектиси катары билинген Елисей аянты да саат 23.45те жарыгын өчүрүп караңгылыкка чөмүлдү.

Дүйнөнүн эң чоң искусство музейи болгон Лувр музейинин алдындагы пирамида жана тарыхый Мадлин чиркөөсү энергия үнөмдөөсүнө кирген символдук курулуштардын арасында.

Муниципалитеттер коомдук имараттарда октябрь айында башталган энергияны үнөмдөөдө жумуш убактысынын аягында жарыкты өчүрүү менен 9 пайыздык үнөмдөөгө жетишкенин белгилешти.



Тектеш кабарлар