Сомалиланддеги зордук-зомбулук: 20 адам каза болду

Сомалиланддын Соол аймагында белгисиз адамдар тарабынан кылмыш кылынгандан кийин, өткөн аптада аймактын эли өкмөткө нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан.

1926857
Сомалиланддеги зордук-зомбулук: 20 адам каза болду

Сомалиден бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган оппозициянын Сомалиландда уланып жаткан демонстрацияларынын натыйжасында кеминде 20 киши каза болду.

Сомалиланддын Соол аймагында белгисиз адамдар тарабынан кылмыш кылынгандан кийин, өткөн аптада аймактын эли өкмөткө нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга ок атканынан акыркы бир жумада көбү карапайым тургундар болгон кеминде 20 киши каза болгон.

Сомалиланддагы Адам укуктары борборунун башчысы Ясмин Омар Мохамуд аймактагы интернеттин жок экенин, окуялардан кийин 53 кишинин кармалганын айтты.

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Сомалилендди маселени чечүүгө чакырды.

Сомалиланд 1991-жылы бир тараптуу түрдө Сомалиден көз карандысыздыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар