Кытай-Тайвань чыңалуусу...

Кытай Элдик Боштондук Армиясынын билдирүүсүндө Тайвандын айланасында күчтөр аралык биргелешкен чукул патрулдук жана чабуул коюучу ок атуу машыгуу иш-чаралары жүргүзүлгөнү белгиленди.

1923714
Кытай-Тайвань чыңалуусу...

Кытай эгемендүүлүк талашы бар Тайвандын айланасында аскердик патрулдук ишмердүүлүгүн күчөттү.

Кытай Элдик Боштондук Армиясынын билдирүүсүндө Тайвандын айланасында күчтөр аралык биргелешкен чукул патрулдук жана чабуул коюучу ок атуу машыгуу иш-чаралары жүргүзүлгөнү белгиленди.

Машыгуунун Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Тайвань аралынын ортосунда күчөп бараткан жашыруун жакындашууга жооп болгону баса белгиленди.

Тайвань Кытайды тынчтыкты бузуп жатат деп айыптап жатканда, Кытайдын 71 согуштук учагы жана учкучсуз учуучу аппараттары абадан коргонуу аймагына кирди.

Машыгуу чечими АКШда 23-декабрда Улуттук коргонууга уруксат берүү мыйзамы күчүнө киргенден кийин кабыл алынды.

2023 каржы жылы үчүн коргонуу чыгымдарын камтыган мыйзамда «Тайвандын коргонуусун колдоо үчүн 5 жыл ичинде 10 миллиард долларга чейин аскердик жардам берүү» беренеси бар.

Кытай мыйзамдан улам АКШга реакция кылып, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө мыйзамдын «бир Кытай» принцибине каршы келгени белгиленди.



Тектеш кабарлар