Британияда "Кандуу рождество" курмандыктары эскерилди

Тарыхка «Кандуу рождество» деп өткөн кыргын үчүн кипрдик түрктөр Лондондо Рум жогорку комиссарлыгынын алдына чогулушту.

1922396
Британияда "Кандуу рождество" курмандыктары эскерилди
kanli noel.jpg
kanli noel.jpg

 

 Британиянын борбор шаары Лондондо «Кандуу рождество»  кыргынында каза болгондор эскерилди.

Кипр түрктөрү «Кандуу рождество» курмандыктарын эскеришти.

1963 -  жылы 21 -  декабрда Кипр түрктөрүнө карата ЕОКА террордук уюмунун террористтери тарабынан баштатылган кыргындан бери 59 жыл өттү.

Тарыхка «Кандуу рождество» деп өткөн кыргын үчүн кипрдик түрктөр Лондондо Рум жогорку комиссарлыгынын алдына чогулушту.

Программада кол салууда шейит болгондорду эскерүү үчүн шамдар жагылып, кыргында каза болгондордун сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду.

Рум бөлүгүнүн жогорку комиссарлыгына Түштүк Кипр Рум башкаруусун өз калкына жана дүйнөгө Кипр маселеси тууралуу чындыктарды айтууга чакырылган кат жиберилди.

Эскерүүдө Жаш Кипр түрктөрү тобунун жетекчиси Эрен Рамадан да сөз сүйлөдү.

Рамадан : «1963 -  жыл Кипр маселесинин жана кипрдик түрктөрдүн изоляциясынын башталышы»,- деди. Рамадан 59 жыл мурда эмнелердин болгонун дүйнөгө көрсөтүү жана каза болгон Кипр түрктөрүнө болгон урмат  - сыйды көрсөтүү үчүн чогулушкандарын айтты. Эскерүү аземи дуалар менен аяктады.

1963 -  жылы 21 -  декабрда Кипрде террордук уюм ЕОКА террористтеринин кол салуусунда 364 киши шейит болуп, 103 түрк айылы бошотулган. Бул кол салуулар Аралдагы кагылышуулардын да башталышы болду.



Тектеш кабарлар