Вучич: "Түркия маанилүү өнөктөш"

Вучич Мустафа Шентопту кабыл алды.

1916723
Вучич: "Түркия маанилүү өнөктөш"
Aleksandar Vucic.jpg
Aleksandar Vucic-Sentop.jpg

Сербиянын президенти Александр Вучич Түркияны Батыш Балкандарда тынчтыкты жана ырааттуулукту сактаган өнөктөш катары көргөндөрүн айтты.

Вучич Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын кезектешкен төрагалыгы Түркияга өткөрүлүп берилген Башкы Ассамблеянын 60-сессиясына катышуу үчүн Белградга барган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алды.

Александр Вучич Шентоп менен жолугушуусунан кийин социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасап: «Урматтуу коногубуз Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен кайрадан жолугушканыма абдан кубанычтамын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу досум Режеп Таййип Эрдоганга саламымды жолдоймун»,-деди.

Шентоп менен эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген Вучич, экономикалык кызматташтык, энергетика коопсуздугу, өлкөсүндөгү түрк инвестициясы жана аймактык маселелерди да талкуулагандарын айтты.

Түркиянын аймакта чоң роль ойногонун баса белгилеген Вучич: «Сербия Түркияны Батыш Балкандарда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактаган, Сербияда гана эмес бардык аймактардагы жарандардын жалпы коопсуздугуна салым кошкон, инфраструктура жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөн өнөктөш катары көрөт»,-деди.



Тектеш кабарлар