Гутерриш дан демилгесин жаңылоонун зарылдыгын баса белгиледи

Гутерриш Чоң жыйырмалыктын саммитинин алдында өткөргөн маалымат жыйынында саммиттин эң маанилүү мезгилде болгонун, бүткүл дүйнөдөгү адамдардын жашоо кымбаттыгы жана климаттык өзгөрүүнүн кесепеттери менен солкулдагандыгын айтты.

1906375
Гутерриш дан демилгесин жаңылоонун зарылдыгын баса белгиледи

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кара деңиз дан демилгесинин жаңыланышы үчүн тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылып жатышканын билдирди.

Гутерриш Чоң жыйырмалыктын (G20) саммитинин алдында өткөргөн маалымат жыйынында саммиттин эң маанилүү мезгилде болгонун, бүткүл дүйнөдөгү адамдардын жашоо кымбаттыгы жана климаттык өзгөрүүнүн кесепеттери менен солкулдагандыгын айтты.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ачарчылыкты жана жакырчылыкты азайтуу жана туруктуу өнүгүүгө инвестиция салуу үчүн каржыга жете албастыгын түшүндүргөн Гутерриш: «Мен G20 өлкөлөрүнүн экономикаларын глобалдык түштүктөгү өкмөттөрдүн инвестицияларын камсыздай алышы үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарын өнүктүрүү пакетин кабыл алууга чакырам. Бул азык-түлүк жана энергетикалык кризисти жеңилдетүү жана мындан аркы кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн эң зарыл кадам»,-деп айтты.

Гутерриш дүйнөнүн барган сайын көп бөлүгүндөгү ачарчылык менен жокчулуктун алдын алуу үчүн шашылыш чара көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Гутерриш Кара деңиз дан демилгесинин базарларды турукташтырууга жана азык-түлүк баасын төмөндөтүүгө жардам бергенин белгилеп, дан коридорунун кыска убакытта жаңыланышы керек деген пикири тууралуу суроого мындай деп жооп берди: «Орусиянын эгиндерин жана жер семирткичтерин экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюуда бир топ ийгиликтерге жетишилди. Биздин аракеттерибиз ийгиликтүү болуп, калган тоскоолдуктарды жок кылабыз деп ишенем».



Тектеш кабарлар