Венгрияда «өзгөчө кырдаалдын» мөөнөтү узартылды

Бул тууралуу Венгрия Өкмөтү маалымат таратты.

1899438
Венгрияда «өзгөчө кырдаалдын» мөөнөтү узартылды

Венгрияда Орусия-Украина согушунан келип чыккан коркунучтарга каршы тез чечим кабыл алуу максатында жарыяланган «өзгөчө кырдаалдын» мөөнөтү узартылды.

Өкмөттүн маалымат борбору (КТК) тарабынан жасалган билдирүүдө Венгриянын коңшусу Украинада согуш уланып жатканы жана Венгрияны согуштан улам пайда болгон гуманитардык кырсыктан улам 24-майда жарыяланган өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынганы белгиленди.

Билдирүүдө, «180 күнгө узартылган өзгөчө кырдаал өкмөттүн согуштан качкандарга жардам берүү менен катар Венгриянын физикалык, экономикалык жана энергетикалык камсыздоо коопсуздугун коргоо үчүн эффективдүү жана тез чечимдерди кабыл алуусунун мыйзамдык негиздерин камсыздай турганы»,белгиленди.



Тектеш кабарлар