Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун “Ливанда суу алуунун кыйынчылыгы” отчетту

Ливанда уланып жаткан суу кризиси миллиондогон адамдардын ден соолугун тобокелге салып жатканы жарыяланды

1857919
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун “Ливанда суу алуунун кыйынчылыгы” отчетту

Ливанда уланып жаткан суу кризиси миллиондогон адамдардын ден соолугун тобокелге салып жатканы жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) “Ливанда суу алуунун кыйынчылыгы” аттуу жаңы отчетун жарыялады.

Отчетто Ливанда энергетика кризиси улануу менен бир чечимге келүү үмүтүнүн караңгылыкта кала тургандыгы белгиленип, электр тартыштыгынын суу сордурууну кээде жетишсиз, кээде мүмкүн эмес абалга келгендиги белгиленди.

Ливандын суу инфраструктурасынын толук кыйрашын алдын ала алганы, бирок кризистин али чечиле электиги, таза жана коопсуз суунун чектелүү болушу өлкөдөгү миллиондогон адамдарга таасир эткендиги билдирилди. 

Суу менен камсыздоо системаларынын  жетиштүү суу менен камсыз кыла албай жатканы, бул абалдын  миллиондогон адамдардын, өзгөчө балдардын ден соолугун тобокелге салып жатканы баса белгиленди.

Дүйнөлүк мунай баасынын өсүшү Ливандагы экономикалык кыйроону ого бетер курчуткандыгы жана жаңы типтеги коронавирус Ковид-19 эпидемиясынын кырдаалды начарлаткандыгына көңүл бурулду. 

Отчетто  ошондой эле 2020-жылы Бейрут портундагы жарылуунун терс кесепеттери жана анын маанилүү инфраструктурага тийгизген олуттуу таасирине көңүл бурулду.

Өлкөдө өндүрүштүн альтернативасынын чектүү болушу,  бул тармакта көптөгөн жылдар  коррупциялык иштер жүрүп жаткандыктан жана иштеп жаткан электр станцияларынын инфраструктурасы чыңдалбагандыктан, электр энергиясы элге суткасына 4 сааттан гана берилип жатат.

 

 



Тектеш кабарлар