Байден Кубага карата айрым чектөөлөрдү жойду

Байдендин чечими менен Кубанын борбор шаары Гавана тышындагы шаарларга учак каттамдарынын жана үй - бөлө бүтүндүгү программаларынын кайрадан баштатылары белгиленди.

1828150
Байден Кубага карата айрым чектөөлөрдү жойду

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден мурунку президент Дональд Трамптын Кубага киргизген айрым чектөөлөрдү жойду.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Жо Байдендин Трамп мезгилинде Кубага каршы киргизилген кээ бир чечимдерди жойгондугу  билдирилди.

Байдендин чечими менен Кубанын борбор шаары Гавана тышындагы шаарларга учак каттамдарынын жана үй - бөлө бүтүндүгү программаларынын кайрадан баштатылары белгиленди.

Кубага билим берүү же жумуш максатында группалык  сапарларга да уруксат бериле турганы белгиленген билдирүүдө, бул өлкөгө ар 3 ай сайын эң көп 1000 долларга чейин акча жөнөтүү боюнча чектөөнүн жоюлгандыгы да маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар