Псаки : "Россия өзү кызыкчылыгы үчүн согушта жеңилди"
Псаки күнүмдүк пресс - жыйынында Россия - Украина согушу тууралуу акыркы абалдарга баа берди.
АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Россиянын Украинада койгон максаттарына жете албаганын жана согушта өз кызыкчылыгы үчүн жеңилгендигин айтты. Псаки күнүмдүк пресс - жыйынында Россия - Украина согушу тууралуу акыркы абалдарга баа берди.
Украина үчүн "жеңиш" аныктамасынын Украинанын өз тандоосуна байланыштуу экендигин баса белгилеген Псаки : "Биз башынан бери берген коргонуу колдоосу менен сүйлөшүү столунда Украинаны күчтөндүрүп жатабыз",- деди.
Жен Псаки согуштун башында Россиянын Украинанын кыска убакытта көзөмөлгө алууну пландагандыгын жана бул максатына жете албагандыгын белгилеп : "Орустар өз кызыкчылыгы үчүн согушта жеңилди. Украинаны колго ала албады. Владимир Путин Киев көчөлөрүнө чыга албайт. Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин талкалай албайт. НАТОну да бөлө алышкан жок",- деди.
Орус аскерлери 24 - февралда Украинага кол сала баштаган.