Афганистанда кызамыктан 130дан ашуун бала каза болду

Убактылуу Талибан өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери өлкө боюнча 16 000ден ашуун бала кызамык менен ооруган.

1813981
Афганистанда кызамыктан 130дан ашуун бала каза болду

Афганистанда жылдын башынан бери кызамык эпидемиясынан 130дан ашуун бала каза болду.

Америка Кошмо Штаттарынын  2021 - жылдын август айында өлкөдөн чыгып кетишинен кийин эл аралык жардамдардын үзгүлтүккө учурашы жана экономикалык кризистин тереңдеши сыяктуу көйгөйлөр күчөгөн өлкөдө согуш, ачарчылык жана жакырчылык эң көп балдарга таасирин тийгизүүдө.

Убактылуу Талибан өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери өлкө боюнча 16 000ден ашуун бала кызамык менен ооруган.

Бийликтегилер бул убакыттын ичинде  кызамыктан 130дан ашык баланын каза болгонун кабарлашты. Кызамык - өзгөчө балдарды жабыркатуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Эң көп каза болгондор Кабул, Гильменд жана Кундуз провинцияларында катталса, кызамык оорусуна чалдыккандардын көбү Кундуз, Жузжан, Герат жана Гор провинцияларында катталган.

Дүйнөлүк  Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ 13 - мартта Афганистанда он миңдеген адамдын кызамык оорусуна чалдыкканын жана январь айында эле 150дөн ашуун адам каза болгонун, алардын көбү балдар экендигин жарыялады. Чыныгы сандардын мындан да көп деп болжолдогон ДССУ жакынкы жумаларда өлүм  - житимдин күчөй турганы боюнча  эскертти.

ДССУ кызамыкка каршы эмдөө кампаниясын 12 -мартта баштаган. Кызамыкка каршы эмдөө кампаниясында миңдеген медицина кызматкерлери Афганистандын 24 провинциясында жана 49 аймагында 5 жашка чейинки 1,2 миллиондон ашык баланы эмдөөнү максат кылышууда.



Тектеш кабарлар