Түрк Кызылайынан азык-түлүк жардамы

Түрк Кызылайы Йемен жана Пакистандагы муктаж болгондорго жардам көрсөтүүдө.

1810406
Түрк Кызылайынан азык-түлүк жардамы

Түркиянын Жарым Кызыл Ай коому көптөгөн жылдардан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Йеменде жана Пакистандын борбор шаары Исламабадда муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө жардам көсөттү.

Түрк Кызылайынын Йемен өкүлү Ибрахим Убейд, Йемен Кызылайы менен координациялуу түрдө Аден провинциясынын Эль-Мансура шаарындагы Майыптарды кароо жана реабилитациялоо коомунун башкы кеңсесинде рамазан жардамынын муктаждарга таратылганын айтты.

Мансура шаарындагы жакыр үй-бүлөлөргө жана майыптарга 500 азык-түлүк пакетинин таратылганын белгилеген Убейд, бул иш-аракеттин Рамазан айында Йеменде 5 миң азык-түлүк пакетинин таратылышын камтыган жардам программаларынын бир бөлүгү экенин кабарлады.

Убейд бул жардамдардын Түркиянын, согуштан жапа чеккен йемендиктердин азаптарын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам жеткирүүдөгү сезимталдыгынын чагылуусу экенин айтты.

Түрк Кызылайы Йемендин ар кайсы аймактарында муктаж болгондорго тамак-аш жана кийим-кече, ооруканаларга дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылууда.

Йеменде Иран колдогон хуситтер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда бир нече жылдар бою уланып келе жаткан кагылышууларда болжол менен 377 миң адам каза болду.

Эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Йеменде жарандык согуштан улам күчөгөн гуманитардык кризис коркунучтуу өлчөмдөргө жетти.

Түрк Кызылайы Пакистандын борбор шаары Исламабадда да муктаж болгон 380 үй-бүлөгө 14 тонналык азык-түлүк пакетин таратты. 



Тектеш кабарлар