Мексикада учак кырсыкка учурап маркеттин ичине кирген
Кырсыкта 3 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.
1803693
Мексиканын Морелос штатында кичинекей бир учактын маркеттин дубалын сүзүп кириши менен 3 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.
Морелос жарандык коргонуу бөлүмү билдирген маалыматта King Air үлгүсүндөгү эки моторлуу кичинекей учактын Морелостун Куернавака шаарындагы бир маркеттин дубалын сүзүп ичкери киргени белгиленди.
Маалыматта кырсыкта учатагы 3 кишинин каза болгондугу, 4 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.
"FlightAware" сайты учактын өлкөнүн туристтик шаар Акапулькодон учкандыгы тууралуу маалымат тараткан.
i