Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары вирус жуктуруп алды
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки аптанын ичинде Ковид-19ду жуктуруп алгандан кийин басма сөз катчысынын орун басары Жан-Пьердин тесттинен да вирус аныкталды.
1802873
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Карин Жан-Пьер, АКШнын президенти Жо Байден менен барган Европа сапарынан кайтып келгенде коронавирус (Ковид-19) тестинин оң чыкканын кабарлады.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки аптанын ичинде Ковид-19ду жуктуруп алгандан кийин басма сөз катчысынын орун басары Жан-Пьердин тесттинен да вирус аныкталды.
Байдендин Бельгия жана Польшадагы жолугушуулары учурунда жанында болгон пресс-катчынын орун басары, акыркы тестинин оң чыкканын жана оорунун жеңил белгилери бар экенин билдирди.
Байден менен жакын байланышта болбогонун белгилеген Жан-Пьер, бул жагынан АКШнын президентине вирус жугуу коркунучу жок экенин айтты.