БУУ Украинага гуманитардык жардамды кабыл алды

БУУнун Башкы ассамблеясы, гуманитардык мыйзам долбооруна добуш берди.

1801521
БУУ Украинага гуманитардык жардамды кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Орусиянын 24-февралда баштаган Украинадагы чабуулун токтотууга, бардык күчтөрүн чыгарып кетүүгө жана Украинанын баш калаасы Киевге көбүрөөк жардам көрсөтүүгө чакырган экинчи резолюцияны кабыл алды.

Украинадагы согуштун гуманитардык кесепеттерине көңүл буруу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорктогу баш кеңсесинде кезексиз сессиясын кайра баштаган БУУнун Башкы ассамблеясы, Түркия да негизги алып баруучуларынын бири болгон гуманитардык мыйзам долбооруна добуш берди.

193 мүчөлүү БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинадагы чабуулун токтотууга, бардык күчтөрүн чыгарып кетүүгө жана Киевге көбүрөөк жардам көрсөтүүгө чакырган экинчи резолюцияны 5 каршы 140 макул добушу менен кабыл алды, 38 өлкө болсо калыс добушун берди.

Резолюцияга Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея жана Сирия каршы чыкса, Кытай арсар калды.

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусияга кысымды күчөтүп, Москванын дипломатиялык изоляциясын тереңдете турган экинчи резолюцияны кабыл алды.

Резолюцияда Орусиянын чабуулдары "эл аралык коомчулуктун Европада ондогон жылдардан бери көрбөгөн масштабдагы гуманитардык кесепеттерге алып келери" белгиленди.

Орусияны чабуулдарын токтотууга жана Украинадан бардык күчтөрүн “дароо жана эч кандай шартсыз” чыгарууга чакырган резолюцияда, Мариуполь баш болгон Орусиянын калктуу конуштарга, карапайым калкка, журналисттерге, мектептерге жана ооруканаларга жасаган кол салуулары, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн уурдалышы айыпталды.  



Тектеш кабарлар