Уолт Дисней Россиядагы бардык ишмердүүлүгүн токтотот

Компаниянын билдирүүсүндө : "Украинага карата кол салууларды жана күчөгөн гуманитардык кризисти эске алып, Россиядагы башка бардык иштерди токтотуу үчүн чараларды көрүп жатабыз",- деп айтылды.

1793895
Уолт Дисней Россиядагы бардык ишмердүүлүгүн токтотот

Америка Кошмо Штаттарынын көңүл ачуу тармагындагы эң ири компанияларынын бири Уолт Дисней Россиядагы бардык ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады.

Компаниянын билдирүүсүндө Россиянын Украинага кол салуусунан кийин Диснейдин Россиядагы тасмаларынын көрсөтүлүшү токтотулганы жана компаниянын өлкөдөгү башка иш - аракеттеринин да каралып жатканы эскертилди.

Билдирүүдө : "Украинага карата кол салууларды жана күчөгөн гуманитардык кризисти эске алып, Россиядагы башка бардык иштерди токтотуу үчүн чараларды көрүп жатабыз",- деп айтылды.



Тектеш кабарлар