Netflix менен Oracle Россиядагы долбоорлорун токтотту

Netflix онлайн агым платформасы Россиядагы бардык долбоорлорун жана сатып алууларын токтотконун жарыялады.

1789131
Netflix  менен Oracle Россиядагы долбоорлорун токтотту

Netflix онлайн агым платформасы Россиядагы бардык долбоорлорун жана сатып алууларын токтотконун жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарында  жайгашкан жумалык оюн-зоок-соода журналы Varietyнин кабарына ылайык, компанияга жакын булактардын ​​Netflixтин "Украинанын учурдагы оккупациясынын таасирин" карап чыккандыгын билдирди.

Ушунун негизинде тартыла баштаган «Зато» сериалы менен кошо Россиянын 4 сериалынын өндүрүшү токтотулганы кабарланды.

Өткөн жылы Россияда кызмат кыла баштаган Netflixтин өлкөдө 1 миллионго жакын колдонуучусу бар экени белгиленди.

Компания 1 - мартта Россия алып келген, мамлекет колдогон каналдарды көрсөтүүлөр тизмесине кошуу эрежесин кабыл албай турганын жарыялаган.

Бир тараптан Oracle программалык камсыздоо компаниясы да Россиядагы ишин токтотконун билдирди.

Компания Твиттердеги билдирүүсүндө бул өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин жарыялап : «Oracle компаниясынын жалпы дүйнөдө  150 000 кызматкерлеринин атынан шайланган украин өкмөтүн жана украин элин колдоо үчүн»,- деп билдирди.  

 



Тектеш кабарлар