Азезде бомбалуу кол салуу болду
Кол салууда бир киши каза болду.
1782822
Сириянын түндүгүндөгү Азез районунда унаага жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен бир киши каза болду.
Килистин маңдайында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунун борборунда унаага жайгаштырылган бомба жардырылды.
Террордук кол салууда бир киши каза болду.
Кол салуу болгон жерде иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салуунун жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан жасалуу ыктымалына токтолушууда.
ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган аймактарды минометтук артиллериясы жана бомбалоо менен бутага алууда.
Тектеш кабарлар
Германияда нөшөрлөгөн жамгыр
Германиянын Саар штатында нөшөрлөп жааган жамгыр сел жана суу ташкынына жол ачты.