Европа Биримдиги Израилге чакыруу салды

Израиль эл аралык каршы чыгууларга карабастан башта Шейх Жеррах жана Силван райондору менен бирге Чыгыш Кудста еврей конуштарын кеңейтүү аракеттери менен көп сандаган палестиналыктын үйүн кулатууну улантууда.

1765544
Европа Биримдиги Израилге чакыруу салды

Европа Биримдиги  Израилден палестиналыктарды үйлөрүнөн чыгаруу, үйлөрдү бузуу жана жаңы мыйзамсыз конуштарды куруу иштерин токтотуусун талап кылды.

Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар кызматынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах жана Силван райондорунда ондогон жылдардан бери жашап жаткан палестиналыктарды үйлөрүнөн чыгарууну улантышы, ал жердеги чыңалууну күчөтүү жана Чыгыш Кудс баш болгон Батыш Шериадагы үйлөрдү кулатуу жана бошотуу кыймылдарына салым кошору белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин 17 -  январда басып алган Чыгыш Кудстагы жерлерди камтыган «Төмөнкү суу өткөрүү каналдарынын планы» үчүн Хар Хома менен Гиват Хамотостун  ортосунда 1450дөн ашуун жаңы конуш куруу чечимин чыгарганы эске салынып : «Европа Биримдиги Израилди Кудстун эки мамлекеттин келечектеги борбор шаары болуу ыктымалын жок кыла турган бул планы менен бардык конуш иштерин токтотууга чакырат»,- деп айтылды.

Билдирүүдө булар белгиленди : «Калктуу конуштарды кеңейтүү, бузуу жана көчүрүү эл аралык укук боюнча мыйзамсыз. Алар чыңалууну күчөтүп, эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашуусуна коркунуч туудурат жана туруктуу тынчтыкка болгон үмүттү азайтат. Европа Биримдиги тынчтык процессинин кайрадан баштатылышына кеткен жолду ачуу үчүн тараптарга толук колдоо көрсөтүүгө даяр».

Израиль эл аралык каршы чыгууларга карабастан башта Шейх Жеррах жана Силван райондору менен бирге Чыгыш Кудста еврей конуштарын кеңейтүү аракеттери менен көп сандаган палестиналыктын үйүн кулатууну улантууда.

 

 



Тектеш кабарлар