Айдын караңгы тарабындагы объект - таш

Ачылыш "сырдуу алачык" деп аталды жана ал "ай сарайы" же космостук база болушу мүмкүн экендиги болжолдолгон.

1759367
Айдын караңгы тарабындагы объект - таш

Кытай Улуттук космостук башкаруусуна караштуу канал болгон Our Space өткөн айдын баштарында  Айдын горизонтундагы боз куб формасындагы объектинин сүрөтүн жарыялаган.

Ачылыш "сырдуу алачык" деп аталды жана ал "ай сарайы" же космостук база болушу мүмкүн экендиги болжолдолгон. 

Чындык кечээ Юту  - 2 унаасынын объектиге жакындашуусу менен ортого чыкты. Космостук базанын ордуна объектинин таш экендиги билдирилди. 

Роверди жерден башкарган топ ташты "Нефрит коён" деп атады.

2019 - жылы Айга конгон Юту-2 Кытайдын Чанъэ - 4 миссиясынын алкагында Айдын Жерден көрүнбөгөн тарабын изилдөөгө аракет кылууда.

 



Тектеш кабарлар