Талибан башкаруучулугу Ганини өлтүрүү планы жок экенин жарыялады

Бирадер RTA мамлекеттик телеканалына берген маегинде мурдагы өкмөт мүчөлөрү талибдерден коркуп качып кетишкенин, бирок алардын эч кимиси менен иши жок экенин айтты.

1757743
Талибан башкаруучулугу Ганини өлтүрүү планы жок экенин жарыялады

 

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу молдо Абдулгани Бирадер, алардын мурдагы президент Ашраф Ганини өлтүрүү планы жок экенин айтты.

Бирадер RTA мамлекеттик телеканалына берген маегинде мурдагы өкмөт мүчөлөрү талибдерден коркуп качып кетишкенин, бирок алардын эч кимиси менен иши жок экенин айтты.

Көптөгөн ооган лидерлери жана саясатчылары Ооганстанда кадимкидей жашоодо жашап, коомчулук менен сүйлөшүүлөрүн улантып жатканын белгилеген Бирадер, Талибандын жалпы мунапыс жарыялаганын жана эч кимге зыян келтирилбей турганын айтты.

Бирадер:«Мурунку президент Ашраф Гани өлкөдөн чыкпаса да, биз аны өлтүрүүнү пландаган эмеспиз»,-деди.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн камтуучу экенин айткан Бирадер, бул өкмөттө бардык улуттун өкүлдөрү бар экенин баса белгиледи.

Талибан өкмөтүнүн аброюн түшүрүүнү каалабаганы үчүн мурдагы өкмөт мүчөлөрүн кызматка алып келбегенин айткан Бирадер, алардын көбү коррупция жана уурулук кылганын кеп кылды.

Бирадер:«Биз Дохада (Катардын борбору) тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн учурда АКШ Ооганстанда биргелешкен өкмөт түзүү үчүн бизге мурдагы өкмөттөн айрым ысымдарды берди. Бирок биз өз арабызда аларды өкмөткө киргизбейбиз деп чечтик»,-деди.

Талибдер Кабулга киргенден кийин өлкөдөн чыгып кеткен экс-президент Ашраф Гани: «Эгер мен өлкөдөн чыкпаганымда өлтүрүлүшүм мүмкүн болчу»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар