Афганистан жарандарынын АКШга адамзаттык виза кайрылуулары четке кагылды

Адамзаттык себептерден улам Америка Кошмо Штаттарына  убактылуу кирүүнү каалаган жүздөгөн афган жарандарынын арыздары федералдык миграция мекемелери тарабынан четке кагылды.

1754951

АКШ маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда акыркы жумаларда Талибан тарабынан коркутулган, үй – бүлөлөрүнөн ажыраган жүздөгөн афганистандыктын АКШга баруу үчүн «адамзаттык абал визасына» кайрылуусуна терс жооп берилди.

АКШнын жарандык жана миграция кызматы бюросу АКШнын Афганистандан чыгышынан бери 35 миңден ашуун «адамзаттык абал визасына» кайрылуу алды.

АКШнын Жарандык жана миграция кызматынын өкүлү Виктория Палмер бул аптада  140тан ашык арызды шарттуу түрдө кабыл алышканын, 470ке жакыны четке кагылганын айтты.

Мигранттардын укугун коргоочулар Жо Байденд башкаруусун АКШ Афганистандан чыгып кеткенден кийин калган афгандарга жардам берүү убадасын аткарган жок деп сындашты.

АКШда мыйзамдуу туруктуу жашоону сунуш кылбаган бул программага жыл сайын болжол менен 2000 кайрылуу жасалып жана орто эсеп менен 500 арыз кабыл алынууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, башкаруу быйыл эвакуацияланган 95 миң афган жаранын АКШга көчүрүүнү пландоодо.

Тектеш кабарлар