Тажикстанга качкан ооган учкучтарын эвакуациялоо иштери жүрүп жатат

Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби маалымат жыйында билдирди.

1731957
Тажикстанга качкан ооган учкучтарын эвакуациялоо иштери жүрүп жатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооганстандан чыгып кетүү процессинде ооган өкмөтү жана армиясынын таркашы менен Тажикстанга качкан афган учкучтарын эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби маалымат жыйында билдирди.

Кирби: «Тажикстанда афган учкучтары менен бирге 191 ооган иммигрант бар жана ал жактагы биздин элчилик аларды эвакуациялоону тездетүүнүн үстүндө иштеп жатат. Алар жакында Тажикстандан кетишет, бирок бизде так дата жок»,-деди.

Жон Кирби учкучтар качып баратканда Тажикстанга алып барган, АКШ тарабынан ооган армиясына берилген учактар ​​тууралуу болсо эч кандай маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар