Түндүк Кореянын лидери АКШны сындады

Коргонуу өнүктүрүү жарманкесинде сөз сүйлөгөн Ким Чен коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун Вашингтон же Сеулга каршы согушууга багытталбаганын билдирди.

1718336
Түндүк Кореянын лидери АКШны сындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) дагы бир жолу сындап, өлкөсүнүн "душман күчтөргө" каршы аскердик мүмкүнчүлүктөрүн арттырарын айтты.

Yonhap кабар агенттигинин маалыматына караганда, коргонуу өнүктүрүү жарманкесинде сөз сүйлөгөн Ким Чен коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун Вашингтон же Сеулга каршы согушууга багытталбаганын билдирди.

Ким АКШнын аймакта болушунан улам Түштүк Корея менен болгон чыңалууну чечүү оңой эмес экенин белгилеп: «Америка Кошмо Штаттары өлкөбүзгө кастык кылбаганын билдирип келет, бирок андай эмес экенине ишенүү үчүн эч кандай жүрүм-турумдук негиз жок»,-деди.

Түштүк Кореяны өлкөсүнө каршы "кош стандартты" колдонуп жатканы менен айыптап жана "эки жүздүүлүк" деп сыпаттаган Ким, Пхеньяндын Сеулга "өзүн коргоо укугун бузууну" уланта берсе жооп кайтаранын айтты.

Ким Чен, аскердик кубаттуулукту жогорулатуунун Сеулду бутага алууну билдирбегенин баса белгилеп: «Биздин душманыбыз согуштун өзү, Түштүк Корея же АКШ сыяктуу белгилүү бир мамлекет же державалар эмес. Бирок тынчтык үчүн биздин тышкы аракеттерибиз эч кандай түрдө өзүбүздү коргоо укугубуздан баш тартууну билдирбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар