Япония менен Кытайдын ортосундагы талаш - тартыштуу аралдар

Чыгыш Кытай деңизинде Кытай менен Япониянын ортосундагы талаш  - тартыштуу аралдар тууралуу чыңалуу кайрадан көтөрүлдү.

1652301
Япония менен Кытайдын ортосундагы талаш  - тартыштуу аралдар

Чыгыш Кытай деңизинде Кытай менен Япониянын ортосундагы талаш  - тартыштуу аралдар тууралуу чыңалуу кайрадан көтөрүлдү. Эки өлкөнүн кемелери аймакта күзөттө турушат.

Япония Кытайга таандык кемелердин 112 күндөн бери Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу аралдардын жакынында жүргөндүгүн билдирди. Маалыматта кемелердин жакындан изилденип жаткандыгы да баса белгиленди.

Япониядан берилген маалыматка караганда Кытайдын кемелери апрель айында 4 күн, май айында да 5 күн Япония чектерине кирген.

Япониянын коргоо меинистри Киши Нобуо мунун кабыл алынгыс экендигин баса белгилеп : «Иликтөө жана чалгындоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрөбүз»,- деди.

Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу аралдар 5 арал жана 3 аскадан турат.



Тектеш кабарлар