Мьянмада болгон митингдер

Митингдерде коопсуздук күчтөрү  ок атып кеминде 12 киши каза болду.

1602184
Мьянмада болгон митингдер

Мьянмада кечээ  аскердик басып алуу жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камоого алынышына каршы уюштурулган митингдерине коопсуздук күчтөрү кийлигишип,  кеминде 12 киши каза болду.

Мьянманын Ноу маалымат сайтынын билдиргенине караганда хунта башкаруусу араларында Хлаингтая району да болгон Янгондун  6 районунда согуштук абал жарыялады.

Кечээ болгон митингдерде коопсуздук күчтөрү  ок атып кеминде 12 киши каза болду.

Мьянма армиясы өзүнө жакын саясий топтордун 2020 -  жылы 8 -  ноябрдагы шайлоодо көз боёмочулук болду деген ырастоолорду ортого салышы жана өлкөдө саясий чыңалуунун күч алышы менен 1 -  февралда башкарууну колго алган.

Мьянмалыктар 6 -  февралда демократияга кайтуу талабы менен митингдерди баштаган.



Тектеш кабарлар