Карлос Менемди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аргентинанын Улуттук Конгрессинде өтүүдө

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес дагы Конгресске барып, Менемдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

1583684
Карлос Менемди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аргентинанын Улуттук Конгрессинде өтүүдө

Аргентинанын экс-президенти Карлос Менемди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аргентинанын Улуттук Конгрессинде өтүүдө.

Менемдин сөөгү борбор шаар Буэнос-Айрестин борборундагы Конгресстин имаратына жеткирилип, айрыкча анын үй-бүлөсү баш болгон саясатчылар жана сүйүүчүлөр Менем менен коштошушууда.

Менемдин табыты Конгресске алып келингенде, Конгрессте вице-президент жана Сенаттын төрагасы Кристина Фернандес де Киршнер болгон.

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес дагы Конгресске барып, Менемдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Коомчулукка ачык өткөрүлгөн салтанатта Менемдин күйөрмандары, ошондой эле саясатчылар Конгресстин имаратынын алдында аны менен коштошуу үчүн узун кезектерди түзүштү.

Түшкө чейин созула турган аземден кийин Менемдин тажиясы Буэнос-Айрес провинциясындагы мусулмандар көрүстөнүнө, 1999-жылы 15-мартта тик учактын кыйрашынан улам каза болгон уулу Карлос Факундо Менемдин жанына коюлат деп күтүлүүдө.

Аргентинада Менемдин өлүмүнө байланыштуу үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Аргентинаны 1989-1999-жылдар аралыгында башкарган экс-президент жана сенатор Карлос Саул Менем борбор шаар Буэнос-Айреске алып келинген ооруканада 2020-жылы 15-декабрда 90 жаш курагында, заара жолу оорусунан улам көз жумган.

Сирия тектүү болгондугуна байланыштуу испан тилинен которгондо «Түрк» деген маанини берген «Эл Турко» каймана аты бар Менем, 1983-жылы Аргентинада демократия калыбына келтирилгенден кийин өлкөнү башкарган экинчи президент болгон.



Тектеш кабарлар