SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен космоско жиберген космонавттар

NASA ноябрь айында SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен космоско жиберген космонавттар "АКШдан космоско барып узак убакыт болуу" рекордуна жетишкендигин билдирди.

1580005
SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен космоско жиберген космонавттар

Американын авиация жана космос агенттиги NASA ноябрь айында SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен космоско жиберген космонавттар "АКШдан космоско барып узак убакыт болуу" рекордуна жетишкендигин билдирди.

NASAдан берилген маалыматта Crew-1 деп аталган 4 космонавттын Флоридадагы Кеннеди космостук борборунан 2020 -  жылдын 16 -  ноябрында учурулушунан бери Эл аралык Космостук Станциясында өткөргөн 85 күн менен рекордго жеткендиги белгиленди.

Мындан мурунку рекорддун 1974 -  жылы 8 -  февралда АКШдан космоско жиберилген жана 84 күн космосто болгон Skylab-4 тобуна таандык экендиги билдирилди.

НАСАдан космонавттар Майк Хопкинс, Виктор Гловер жана Шеннон Уокер жана Соичи Ногучинин 6 ай бою Эл аралык Космостук Станциясында болушаары билдирилген.

АКШнын космостук спутниктерин 2011 -  жылы учурууну токтотушунан кийин  өлкөдөн Crew-1дин космоско жиберилишине өзгөчө кызыгуу көрсөтүлгөн.

АКШ NASАнын космонавттарын 2011 -  жылы Crew-1дин космоско жиберилишине чейин Россияга таандык «Союз» космостук унаасы менен Эл аралык Космостук Станциясына жиберип жаткан.



Тектеш кабарлар