Мадриддеги жарылуунун кесепети
Жарылуудан үч адам каза тапты.
Испаниянын борбор шаары Мадридде бир имаратта газдын чыгып кетишинен улам болгон жарылуудан үч адам каза тапты.
Бир адам дайынсыз жоголгон окуяда, бирөө оор 10 адам жаракат алды.
Жергиликтүү жетекчилер, өрт өчүрүүчү жана жарандык коргонуу топтору менен күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, жарылуунун имараттагы жаратылыш газын текшерүү учурунда болгону билдирилди.
Ла Палома чиркөөсүнө таандык имараттын дин кызматкерлери чогула турган жер жана турак жай катары колдонулгандыгы белгилүү болду.
Мадриддин губернатору Хосе Мануэль Франко Пардо, 6 кабаттуу имаратка зыян келтирилген жарылуудан 85 жаштагы аял жана эки эркек кишинин каза болгонун, жаратылыш газын көзөмөлдөгөн кызматкердин болсо жок болуп жаткандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Палестинаны колдоо митингдери
Көптөгөн өлкөлөрдө университет студенттеринин Палестинага колдоо көрсөтүү митингдери да уланууда.