Ковид-19га чалдыккан эненин ымыркайында антитело пайда болду

Дарыгерлер ишке ашырылган анализдерде ымыркайда коронавируска каршы антитело пайда болгонун аныкташты.

1567127
Ковид-19га чалдыккан эненин ымыркайында антитело пайда болду

Болгарияда коронавируска (Ковид-19) чалдыккан эненин жарык дүйнөгө алып келген ымыркайында антитело иштеп чыккандыгы аныкталды.

Болгариянын басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пазарчык шаарында 5-январда 28 жаштагы эне Йорданка Брандийска кесарево жолу менен 2 килограмм 750 грамм салмактагы наристе төрөдү.

Дарыгерлер ишке ашырылган анализдерде ымыркайда коронавируска каршы антитело пайда болгонун аныкташты.

Брандийска кош бойлуулугунун 7-айында Kovid-19га чалдыкканын айтты.

Вирус түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизди деген негизде кесарево жолу менен төрөгөндүгүн белгилеген Брандийска, ымыркайынын вируска каршы антителолорду иштеп чыкканына сүйүнгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар