Иран менен Өзөктүк келишимдин тараптары Венада жолугушат

Жыйынга Кытай, Франция, Германия, Россия, Британия жана Ирандын өкүлдөрү катышат.

1537063
Иран менен Өзөктүк келишимдин тараптары Венада жолугушат

Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россия жана Кытайдын ортосундагы өзөктүк келишимдин тараптары Австриянын Вена шаарында жолугушат.

Европа Бирлигинин (ЕС) Эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Борреллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө ылайык, Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим деп аталган Биргелешкен Аракеттер Планынын (JCPOA) Биргелешкен Комиссиясына Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар кызматынын баш катчысы Хелга Мария Шмид жетектейт.

Жыйынга Кытай, Франция, Германия, Россия, Британия жана Ирандын өкүлдөрү катышат.

Катышуучулар Ирандын өзөктүк келишимин сактап калуу аракеттерин жана бардык тараптар тарабынан келишимдин сакталышына байланыштуу окуяларды талкуулашат.

Келишимге, Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жана анын ордуна санкцияларды алып салуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин (БУУ КК) туруктуу мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Улуу Британия, Франция, Россия жана Кытай, ошондой эле Германия менен ЕБ жана Ирандын ортосунда 2015-жылы кол коюлган.

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликке келгенден кийин, Вашингтон келишимден чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайрадан колдоно баштады. Келишимдин башка тараптарынан Вашингтонду токтотууну өтүнгөн, бирок аны аткара албаган Иран, 2019-жылы июлда өзөктүк келишимдин айрым беренелерин жана 5-январда келишимден келип чыккан бардык милдеттенмелерди токтото тургандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар