"Башка планета" табылды

Жерден 330 жарык жыл алыста жаш бир жылдыздын тегерегинде айланган «кичинекей башка планета» табылды.

1359044
"Башка планета" табылды

Жерден 330 жарык жыл алыста жаш бир жылдыздын тегерегинде айланган «кичинекей башка планета» табылды.

CNNдин кабарына караганда кичинекей планетага "2MASS 1155-7919 b" деген ат берилди.

Rochester технология институтундагы илимпоздордун бул кичинекей планетаны Европа космостук агенттигинин "Gaia" аттуу жасалма спутнигинин маалыматтарын колдонуу менен тапкандыгы белгиленди.

Күндөн жаш, 5 миллион жаштагы бир жылдыздын орбитасында айланган планета тууралуу маалыматтар "Research Notes of the American Astronomical Society" журналында жарыяланды.

Иш алып барган топтун жетекчиси Энни Диксон-Вандервельде : «Табылган күңүрт, муздак объект абдан жаш жана юпитерден 10 эсе чоң. Бул да жаңы пайда болуп келе жаткан баскычтагы кичинекей бир планетаны багып жатабыз деген мааниге келет»,- деди.

Планетанын жылдызына алыстыгы жер менен күндүн ортосундагы аралыктын 600 эсеси, келечекте жүргүзүлө турган байкоолор менен планета менен жылдыздын бул алыстыгы тууралуу маалыматтын алынышы болжолдолууда.

 



Тектеш кабарлар