Брексит келишими парламентке сунушталат

Британияда өкмөт Европа Биримдигинен бөлүнүү (Брексит) келишимин бул жумада парламентке бекитүүгө сунуштайт.

1324830
Брексит келишими  парламентке сунушталат

Британияда өкмөт Европа Биримдигинен бөлүнүү (Брексит) келишимин бул жумада парламентке бекитүүгө сунуштайт.

Премьер  - министрликтин катчысы Брексит тууралуу мыйзам долбоорунун жума күнү жаңы шайланган общиналар палатасынын күн тартибине келерин айтты.

Брексит келишими эрте шайлоодо жеңиш менен чыккан жана жалгыз  бийликке келген жаңы Консерватор партия өкмөтүнүн биринчи мыйзам долбоору болот.

650 мүчөлүү общиналар палатасында 365 орундугу болгон премьер  - министр Борис Жонсондун андан мурунку демилгелеринин терсине бул жолу эч бир маселе менен беттешпестен келишимди өткөрүшү күтүлүүдө.

Келишимдин кабыл алынышы менен 2020 -  жылы 31 -  январда Европа Биримдигинен чыга турган Британия менен биримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр бир канча убакыт дагы улантылат. Тараптар бул жолу соода келишими жана бардык тармактагы карым  - катнаштардын келечеги үчүн сүйлөшүшөт.

Жонсон 2022 -  жылга чейин улантыла турган сүйлөшүүлөрдүн 2020 – жыл аяктабастан бүткөрүлүшүн каалап жатат.



Тектеш кабарлар