Бүткүл дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү боюнча саммит Мадридде башталды

Саммитте Түркия ачкан «Убакыт өтүүдө климат өзгөрүүсүнө каршы иш-аракетке өт» темалуу павильон чоң кызыгууну тартты.

1317023
Бүткүл дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү боюнча саммит Мадридде башталды

 Бүткүл дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү боюнча саммит Испаниянын борбор шаары Мадридде башталды. 200гө чукул өлкө катышкан саммитте, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүнүн ылдамдатылышы жана Париж климат макулдашуусу үчүн жасалышы керек болгондор эки апта бою кеңири түрдө каралып чыгат. Париж макулдашуусу дүйнөдөгү абанын ысуусунун 1,5-2 градус менен чектелишин көздөйт.

Саммитте Түркия ачкан «Убакыт өтүүдө климат өзгөрүүсүнө каршы иш-аракетке өт» темалуу павильон чоң кызыгууну тартты.

Павильондун ачылышында сөз сүйлөгөн экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, Түркияда 2021-жылы айнек, металл, картон кутуларын чогултууга өтүлө турганын айтты. Министр Курум, климат өзгөрүүсү менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисине көңүл бурду.

 

 



Тектеш кабарлар