Нью-Йоркто 5 башка жерге бомба жардыруу коркутуусу болду

Коркутуулар боюнча полция кыска мөөнөткө тийиштүү имараттарды бошоткону белгиленди.

1295770
Нью-Йоркто 5 башка жерге бомба жардыруу коркутуусу болду

АКШнын Нью-Йорк шаарында 5 башка өрт өчүргүч жана тез жардам борборлоруна бомба жардыруу коркутуусу болду.

Нью-Йорк полиция уюмунун булактарына таяндырылган кабарларда Манхэттен аймагында орун алган 5 башка өрт өчүргүч жана тез жардам борборлоруна жекшемби күнү 15:30 чамаларында бомба жардыруу коркутуусу болгону маалымдалды.

Коркутуулар боюнча полция кыска мөөнөткө тийиштүү имараттарды бошоткону белгиленди.

Өрт өчүргүч уюмунун басма сөз катчысы Жеймс Лонг: «Тийиштүү борборлорго келген коркутуулар иликтенди, бомба жардыруу коркутуусунун негизсиз экендиги түшүнүктүү болду. Окуяда кандайдыр бир жаралануу жок»,-деп айтты.

Нью-Йорк полиция уюмунун маалымат борборунун жарыясында коркутуулар тууралуу иликтөөлөр жүрүп жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар