Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху соттолушу мүмкүн

«Ликуд» партиясы кечээ Жогорку Сотко кайрылып Менделбилттин чечиминин мөөнөтүнөн эрте боло турган шайлоодон мурда билдирилишин талап кылды бирок бул кайрылуу четке кагылды.

1155074
Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху соттолушу мүмкүн

Башкы прокурор Авичаи Менделблит  премьер  - министр Беньямин Нетаньяху тууралуу 3 башка териштирүү досьесине байланыштуу так болбогон чечимин билдирди.

Израиль басма сөзүнүн билдиргенине караганда 57 беттик айыптоолорду даярдаган Менделблит маалыматында 4000 номердүү десьеде «пара алгандыгы жана кызматын өз кызыкчылыгына колдонгондугу», 1000 жана 2000 номердүү досьелерде «коррупция жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" кылмыштары менен Израилдин премьер  - министринин сот алдына чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Башкы прокурор 3 башка досьеге байланыштуу так чечимди чыгаргандан мурда премьер  - министрди угат.

Менделблиттин Нетаньяхуну 9 -  апрелде өткөрүлө турган мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоодон кийин угушу күтүлүүдө.
Нетаньяхунун партиясы Ликуддан болсо башкы прокурор Менделблиттин чечиминин «саясий зулумчулук» деп билдирилди.

«Ликуд» партиясы кечээ Жогорку Сотко кайрылып Менделбилттин чечиминин мөөнөтүнөн эрте боло турган шайлоодон мурда билдирилишин талап кылды бирок бул кайрылуу четке кагылды.



Тектеш кабарлар