Майк Помпео менен Мария Захарованын Крым аннекциясы тууралуу билдирүүсү

Мамлекеттик  катчы Помпео Орусиянын бир өлкөнүн чек арасын күч колдонуу менен өзгөртө албай тургандыгын күткөн эл аралык принциптерди бузгандыгын белгиледи.

1020126
Майк Помпео менен Мария Захарованын Крым аннекциясы тууралуу билдирүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөсүнүн союздаштары, өнөктөштөрү жана эл аралык коом менен бирге Орусиянын Крымды аннекция кылуу кыймылын четке каккандыгын белгиледи.

«Крым декларациясы» деген тема менен билдирилген маалыматта мамлекеттик  катчы Помпео Орусиянын 2014 -  жылы Крымды аннекция кылууга аракет кылып бир өлкөнүн чек арасын күч колдонуу менен өзгөртө албай тургандыгын күткөн эл аралык принциптерди бузгандыгын белгиледи.

БУУнун жарыясынын чек аралардын күч колдонуу менен өзгөртүлө албай тургандыгына байланыштуу беренени Орусиянын да кабыл алгандыгын эске салган Помпео буларды айтты : «1940 – жылдагы Уэллес декларациясында болгондой АКШ Крмелдин эл аралык укукка тескери түрдө күч  менен алган жерлерде эгемендүү экендигин айтуусун четке каккандыгына карата саясатын кайрадан тактап жатат. АКШ союздаштары, өнөктөштөрү жана эл аралык коом менен бирге Орусиянын Крымды аннекция кылуу кыймылын четке кагып жатат жана Украинанын жеринин бүтүндүгү түзүлгөнгө чейин бул саясатын улантууга убада берүүдө».

Орусияга эл аралык мыйзамга баш ийүү жана Крымды басып алуудан баш тартууга  чакырган Помпео : «Орусия улуу бир улутка жарашпай тургандай мамиле кылды жана өзүн эл аралык коомдо жалгыздаштырууну тандады»,- деди.  

Помпео кечээ сенаттын тышкы иштер комитетиндеги  отурумда да ушул эле сөздөрдү айтты.

Уэллес декларациясы советтер союзунун Балтика өлкөлөрү Эстония, Латвия, Литваны басып алышы менен мезгилдин АКШ мамлекеттик катчысы Саммер Уэллес тарабынан 1940 -  жылы 23 -  июлда жарыяланган жана бул жерде сөз болгон басып алуу четке кагылган.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын тышкы иштер министрлигинин Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары таныбоону расмий саясат катары белгилеген Крым билдирүүсүн фейсбук баракчасынан билдирди.

Билдирүүнү АКШнын президенти Дональд Трамптын чечими менен Вашингтон чыккан Иран атомдук келишими жана Париж климаттык келишими менен салыштырган Захарова : «Иран атомдук программасы тууралуу орток кыймыл планы жана Париж климаттык келишими да жакынкы убакка чейин АКШнын расмий саясаты болгон. Мурунку президент Барак Обама ушундай чечим чыгарган. Бирок кийин Трам чечимди өзгөрттү. Бул «келечекти белгилеген билдирүүлөрдүн» баасын билебиз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар