Рим папасынын Кудс боюнча санааркоосу

Папа Франциск, Италиянын борбор шаары Римдеги «Азирети Петрус» аянтында сөз сүйлөдү.

972468
Рим папасынын Кудс боюнча санааркоосу

Католиктердин руханий лидери Папа Франциск, Газада болгон окуяларга санааркаганын билдирип, өлүмдөр бир гана дагы көп күч колдонууга алып бара турганын айтты.

Италиянын борбор шаары Римдеги «Азирети Петрус» аянтында сөз сүйлөгөн Папа Франциск, АКШнын Тель-Авивдеги элчилигинин Кудска көчүрүлгөн убагында болгон окуялар жана 62 палестиндин шейит кылынышы тууралуу «абдан санааркагынын» белгилеп кетти.

Папа Франциск: «Ыйык жерлерде жана Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшү жана бизди тынчтыктан барган сайын алыстаткан күч колдонуу баш аламандыгынын күчөшүнүн себебинен абдан санааркап жатам»,-деп айтып, каза тапкандар болгонуна абдан капа болгонун жана «Кайгы тарткан ар кимге дуба жана сүйүү менен мамиле кыламын»,-деди.

Аймакта күчөгөн чыңалуу тууралуу диалог, адилеттик жана тынчтык чакырыгын салган Папа Франциск: «Зомбулук эч качан тычтыкты алып келбейт. Согуш согушту, зомбулук болсо зомбулукту пайда кылат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар