Колумбияда согуш аяктады

Колумбиянын мамлекет башчысы Хуан Мануэль Сантос Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрдүн толугу менен куралсыздангандыгын белгилеп көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүн ортосундагы согуштун аяктагандыгын жарыялады.

791149
Колумбияда согуш  аяктады

Колумбиянын мамлекет башчысы Хуан Мануэль Сантос Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрдүн толугу менен куралсыздангандыгын белгилеп көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүн ортосундагы согуштун аяктагандыгын жарыялады.

Батыш жарым шардын узун убакытка созулган куралдуу кагылышуусу ушундайча аяктаган болду. Сантос : «Бүгүн согуштун акыркы демин сездик. Курал тапшыруу менен бирге согуш чындыгында бүттү жана калкыбыздын турмушунда жаңы баскыч башталды»,- деди.

Колумбия өкмөтү менен Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрдүн ортосунда кол коюлган тынчтык келишиминин негизинде курал таштоо баскычына  куралдуу топтордун чогулуу аянттарына баруусунан кийин 1 -  мартта өтүлгөн болчу.

Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрдүн лидери Родриго Лондоньо Эчеверри андан мурда берген маалыматында жаңы бир этапка киришкендерин жана турмушун мыйзамдуу жана демократиялык түрдө улантышарын айткан. Атынан ажыроону каалбаган Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөрдүн саясаттагы жаңы турмушунда «Колумбия альтернатив төңкөрүшчүл күч» деген мааниге келген "Fuerza Alternativa Revolucionaria de Colombia" деген атты колдонорун жарыялады. Уюмдун саясатташуу процессинин эки жуманын ичинде форма алары белгиленүүдө.

Калкынын саны 48 миллиондон ашкан Латын Америка өлкөсү Колумбияда 1964 – жылдан бери келе жаткан кагылышуулар 260 миңге жакын кишинин каза болушуна жана 6 миллиондон ашуун кишинин көчүүсүнө себеп болгон. Төкөрүшчүл куралдуу күчтөр менен 4 жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн жылы тынчтык келишимине кол коюлган болчу. Ошол эле учурда Төңкөрүшчүл куралдуу күчтөр тапшырган 8 миңден ашуун куралдан Колумбия, Куба жана АКШда эстелик тургузалт.

 



Тектеш кабарлар