Германиянын Ганновер шаарында 50 миң киши үйлөрүн бошотту

Германиянын Ганновер шаарында 50 миң киши Экинчи дүйнөлүк согушунан калган, жарылбаган 5 бамбаны жардыруу үчүн үйлөрүнөн чыгарылды.

727649
Германиянын Ганновер шаарында 50 миң киши үйлөрүн бошотту

Германиянын Ганновер шаарында 50 миң киши Экинчи дүйнөлүк согушунан калган, жарылбаган 5 бамбаны жардыруу үчүн үйлөрүнөн чыгарылды.

Шаардын тургундарынан жандарына керектүү буюмдарын алуулары, үйдөн чыгып жатып жаратылыш газ жана электр системаларын жабуулары айтылды. Аймактан өтө турган поезд каттамдар да башка  жолдорго багытталды. Үйлөрүнөн чыгарылгандарга белгилүү борборлордо тамак таркатылды.

Бомба жардыруу операцияда беш жарылуучу заттын ордунун белгиленгендиги, 10дон ашуун жердин дагы бомба шектенүүсү менен казылары билдирилди. Ушундайча 500 миң калктуу Ганновер калкынын ондон бир бөлүгү бошотулган болду. Ганновердеги  бошотуу Германиянын тарыхында жасалган экинчи чоң бошотуу операциясы. Германияда Эикнич дүйнөлүк согушунан калган жарылбаган бомбалар тууралуу эң чоң бошотуу операциясы өткөн жылы Аугсбург шаарында болду. 4 тоннага жакын бомба жерден чыгарылган операциянын айынан 54 миң киши үйлөрүнөн бошотулду.

Экинчи дүйнөлүк согушунда Ганновер шаары миңдеген бомбанын бутасы болгон.

 



Тектеш кабарлар