Асад менен ДЕАШ кызматташуудабы?

Швейцариянын Женева шаарында уланган Сирия темалуу жолугушуулардын 5-күнүндө оппозиция делегациясы, Стаффан де Мистуранын сунуштарына каршы сунуш менен жооп берди.

681530
Асад менен ДЕАШ кызматташуудабы?

Сириялык оппозициячылдар Башар Асад режими жана террор уюму  ДЕАШтын ортосундагы кызматташуулар тууралуу далилдерди Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистурага тапшыргандарын жарыялады.

Швейцариянын Женева шаарында уланган Сирия темалуу жолугушуулардын 5-күнүндө оппозиция делегациясы, Стаффан де Мистуранын сунуштарына каршы сунуш менен жооп берди.

Оппозициячылдар, Мистуранын өткөөл мезгил башкаруусу, конституция жана шайлоо процесси темаларын бир убакта кароо сунушуна, «Алгач өткөөл мезгил башкаруусу темасында жылышты камсыздайлы, жакшы ниет көрсөтүлсө калгандарын да карайлы»,-деп жооп берди.

Оппозиция делегациясы айрыкча Москва жана Каир бийликтери менен жакындыгы менен билинген, бирок өздөрүн «оппозиция» деп тааныткан топтордун абалы ачыкталышын талап кылды.

Мистура абалга баа бериш үчүн оппозициячылдардан убакыт сурады.

Жолугушууларды «оң» деп баалаган Женевадагы жолугушууларга башкы оппозициядагы топ катары катышкан жогорку сүйлөшүү комитетинин төрагасы Насыр Харири да, Орусия делегациясы менен жолуга тургандарын белгилеп, Орусиядан режимге кысым көрсөтүлүшүн талап кыла тургандарын айтты.

«Режим делегациясы, саясий өткөөлдүн ордуна террор менен күрөшүү боюнча өжөрдөнүп туруп алса эмне болот?»-деген суроого Харири: «Режим, Эркин Сирия армиясынын террор уюму ДЕАШ менен согушуусуна бөгөт коюш үчүн бейтарап аймак куруп жатат. Эркин Сирия армиясынын ДЕАШка каршы жеңиш жарыя кылышын каалабайт. Ушул себептен бейтарап аймак куруп жатат»,-деп жооп берди.

Харири режим жана ДЕАШ кызматташтыгы тууралуу колдорунда  далилдер бар экенин айтып, буларды Мистурага тапшыргандарын айтты.

Кечээ эртең менен Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү Эл Бабдын түштүк-чыгышынан бараткан режим күчтөрү, Мүнбичтин түштүк-чыгышындагы жикчил террор уюму ПЙД/ПКК аймагына жетти.

Ушундайча Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Эл Бабда орун алган Эркин Сирия армиясынын күчтөрүнүн жолу, түштүктөгү Ракка багытына үзүлгөн болду.

Режим күчтөрү ДЕАШ менен Эркин Сирия армиясынын ортосунда бейтарап аймак түзүп, террористтерди Эркин Сирия армиясынан коргоону камсыздап жатат.



Тектеш кабарлар