Орусиядан Түркияга чартердик каттамдар кайрадан башталат
Чартердик каттамдарга тыюу салуу жоюлду
561402
Орусиядан Түркияга алгачкы чартердик каттамдар 2-сентябрда башталат.
Орусиянын Туроператорлору биримдигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Түркияга карай алгачкы чартердик рейстердин 2-сентябрда баштала турганы белгиленди.
15 чакты орус компаниясынын чартердик каттамдарга даярданып жатканы маалымдалган билдирүүдө, Орусиядан Түркияда эс алууга карата талап чоң экени да баса белгиленди.
Орус өкмөтү кечээ, 24-ноябрда түрк аба мейкиндигине кирип кеткен орус учагынын атып түшүрүлүшүнөн кийинки тыюу салууну жойду.